Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Палестинанын башкы чабарманы Саиб Эрекат каза болду


Саиб Эрекат.
Саиб Эрекат.

Жакынкы Чыгыштагы тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча Палестинанын башкы чабарманы, Палестинаны куткаруу кыймылынын баш катчысы Саиб Эрекат 65 жашында коронавирустан каза болду.

Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас Эрекаттын өлүмү жөнүндө «Палестина жана элибиз үчүн чоң жоготуу» деп билдирди. Ал өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялды.

2017-жылы өпкөсүн алмаштырган Эракет өткөн айда коронавирус жугузуп алып, Иерусалимдеги ооруканага жаткырылган. Анын сөөгү Батыш жээктеги Рамаллах шаарына жеткирилип, Палестинанын башчысынын сарайында коштошуу расмиси өтөт.

Саиб Эрекат Жакынкы Чыгыштагы Палестина менен Израилдин ортосундагы чатакты жөнгө салуу боюнча он жылдап иштеп келген. Ал 2000-жылдардын башынан баштап эле бул боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан.

2014-жылы АКШнын мурдагы президенти Барак Обама Жакынкы Чыгыштагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо боюнча демилге көтөргөндө Эрекат Палестинанын атынан башкы чабарман болуп катышкан. Ал эми 2017-жылы АКШнын президенти Дональд Трамптын Израилдин баш калаасы катары Иерусалим шаарын тааныган чечимин сынга алган эле.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Саиб Эрекат каза болгон соң «Твиттердеги» баракчасына «ойлорубуз жана дубаларыбыз менен анын үй-бүлөсүнүн жанында болобуз» деп жазды.

Ал эми Эрекат менен бирге иш алып барган Израилдин тышкы иштер министри Ципи Ливни «ал өз өмүрүн элине арнады» деп жазды.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррелл Эрекаттын өлүмү Жакынкы Чыгыштагы тынчтык сүйлөшүүлөргө терс таасир тийгизерин билдирди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG