Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 05:11

Комитеттердин жыйындары парламенттин имаратында өтө баштайт


Жогорку Кеңештин имараты 6-октябрга караган түнү.

Кыргызстанда 6-октябрга караган түнү болгон массалык башаламандыкта талкаланган парламенттин имаратында комитеттердин жыйындары өтө баштайт. 11-ноябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны болору парламенттин сайтына жарыяланды. Анда Салык кодексине жана Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө бир нече мыйзам долбоору каралат.

Бишкекте 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы нааразылык акциясы өтүп, 6-октябрга караган түнү президенттин жана парламенттин имараты талкаланган.

Депутат Акылбек Жапаров оңдоо иштерине 450 миллион сом кетерин айткан, бирок кийин президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров анын сөзүн четке кагып, 10 миллион сомго жетпеген акча талап кылынарын билдирген.

5-ноябрда Жогорку Кеңеште чыгымды эсептөө боюнча мекеме аралык комиссия түзүлгөн.

Парламенттин имараты талкалангандан бери депутаттар жыйынды «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөрүп келатышат. Мындан ары жалпы чогулуш кайсы жерде өтөрү азырынча белгисиз. Октябрь айындагы тополоңдон кийин Жогорку Кеңештин имаратынын айланасындагы темир тосмолор да алынды. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG