Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

Ошто чек арадан мыйзамсыз өткөн Өзбекстандын эки жараны кармалды


Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн Өзбек Республикасынын эки жараны.
Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн Өзбек Республикасынын эки жараны.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаарда мыйзамсыз жүргөн Өзбекстан Республикасынын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алар - Өзбекстандын Фергана облусунун тургундары, 1994-жылы туулган эркек киши жана 1999-жылы туулган аял киши.

Милицияга 1999-жылы туулган аял октябрь айында жашоо шартынын оордугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынынын аймагына сойкулук кылыш үчүн мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөнүн айткан.

Учурда бул факт боюнча топтолгон материалдар жана кармалган жарандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилди. (DU)

XS
SM
MD
LG