Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

Армениянын өкмөтү оппозицияны «төңкөрүш» аракетинен карманууга чакырды


Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

Армениянын өкмөтү премьер-министр Николь Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган оппозицияны «төңкөрүш» аракетинен карманууга чакырды. Буга чейин оппозиция 11-ноябрда нааразылык акциясын өткөрөрүн жарыялаган. Бирок полиция 27-сентябрда Тоолуу Карабакта башталган салгылашуулардан улам өлкөдө жарыяланган аскердик абал дагы эле күчүндө экенин, митингдерге уруксат берилбей турганын эскертти.

Биринчи вице-премьер-министр Тигран Авинян өкмөттүн кызматтан кетүү ыктымалдыгын жокко чыгарбаганы менен «мамлекеттик төңкөрүшкө» жол бербөөгө чакырды:

«Керек болсо, өкмөт кетет, жаңы өкмөт келет. Бирок биздин команда жана жеке өзүм эч кандай төңкөрүш аракетине жол бере албайм».

Президент Армен Саркисян чыңалууну басаңдатуу жана улуттук биримдикти сактап калуу максатында саясий партиялардын өкүлдөрү менен «кеңешүүнү» баштаганын мамлекет башчынын кеңсеси билдирди.

Ал ортодо орусиялык контингент Армения, Азербайжан жана Орусия жетекчилери кол койгон келишимдин алкагында Тоолуу Карабактагы жаңжал тилкесине жайгаштырылып жатат. 11-ноябрда Армениянын Эребуни аэропортуна орусиялык 20 учак, 400 жоокер, аскердик техника жеткирилди.

10-ноябрда күчүнө кирген үч тараптуу келишимге ылайык, Азербайжан соңку уруш маалында өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабактагы жана айланасындагы чөлкөмдөрдү сактап калмакчы.

Бул келишиимге кол коюлары менен Армениядагы коомчулуктун бир бөлүгү, анын ичинде оппозиция сынга алып, премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган.

Макулдашуу тууралуу Азербайжан куралдуу күчтөрү алты жумадан бери уланып келаткан кармаштарда ийгиликке жетишкен учурда жарыяланды. Буга чейин азери армиясы аймактын башкалаасы Степанакертке жакындаганы, стратегиялык жактан маанилүү Шуша шаарын алганы жөнүндө маалымдалган.

XS
SM
MD
LG