Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

БШК: Президенттик шайлоого катышуу тууралуу арыз бергендер 16 адамга жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (Боршайком) кайрылгандардын саны 15 киши болду. Бүгүн, 11-ноябрда Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкуловадан тышкары дагы эки жаран – «Альфа-Телеком» ишканасынын кызматкери Азамат Эсенбеков, Чехиядагы Нью-Йорк университетинин студенти Аймен Касенов жана «Чындык» партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров кайрылышты.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, бул окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Азыр президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган жана кийин Жогорку Кеңеш премьер-министр кылып шайлаган Садыр Жапаров аткарып жатат.

Жапаров өзү да алдыдагы президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган, бирок БШКга арыз бере элек.

Буга чейин президенттикке талапкер болуш үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев жана Жеңишбек Байкуттиев БШКга расмий арыз тапшырышкан. Шайлоого катышарын саясатчы Садык Шер-Нияз да билдирген.

Талапкер болууну каалагандардан арыз 15-ноябрга чейин кабыл алынат.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG