Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Ереванда полиция бир нече демонстрантты кармады


Еревандагы кагылышуу.
Еревандагы кагылышуу.

Армениянын борбору Ереванда өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган оппозициянын тарапкерлери менен полиция кагылышты. Шаардагы борбордук Эркиндик аянтына чыккан миңдеген демонстранттар Тоолуу Карабак боюнча үч тараптуу келишимге кол койгон премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Алар «Никол чыккынчы» деп кыйкырып жатышат. Армян полициясынын атайын бөлүгү алардын бир бөлүгүн кармап кетти.

Кармалгандардын арасында оппозициячыл «Гүлдөгөн Армения» партиясынын лидери Гарик Царукян да бар экени кабарланды.

Буга чейин армян өкмөтү өлкөдө жарыяланган аскердик абал дагы эле күчүндө экенин, митингдерге уруксат берилбей турганын эскерткен.

10-ноябрь түнү Армения менен Азербайжандын жетекчилери Орусиянын арачылыгы алдында Тоолуу Карабактагы атышууну токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Ал документке ылайык, Азербайжан соңку кагылышууда ээлеген аймактарга өз көзөмөлүн сактап калат.

Тоолуу Карабактагы кагылышуу учурунда чыгып кеткен качкындар эл аралык келишимдер боюнча кайтып барат. Келишимде орусиялык тынчтыкты камсыз кылуу күчтөрүн талаштуу аймакка кеминде беш жылга жайгаштыруу каралган.

Бул келишимге кол коюлушуна армян коомчулугунун бир бөлүгү каршы чыккан.

XS
SM
MD
LG