Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:57

Блогер Элмир Сыдымановдун соту болот


Элмир Сыдыманов.
Элмир Сыдыманов.

Узак убакыт тыныгуудан кийин 12-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогер Элмир Сыдымановдун ишине байланыштуу сот отуруму болот. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы жолу соттук жараян 8-июнда өтүп, анда Сыдымановго карата психиатриялык-психологиялык-лингвистикалык комплекстүү экспертиза жүргүзүү жөнүндө чечим чыккан.

Процесс анын жыйынтыгы чыккандан кийин улантылары айтылган.

Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал быйыл февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындап, бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын моюнуна алып, кечирим сураган.

18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган.

Ишти Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат. 2-июндагы отурумда прокуратура блогерди сот залынан камакка алууну, алты жылга эркинен ажыратууну соттон суранган.

8-июндагы отурумда судья блогердин сөзү боюнча психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүш керек экенин айтып, соттук териштирүү ошонун жыйынтыгы чыккандан кийин уланарын билдирген. Кийин Сыдымановго психиатриялык да экспертиза жүргүзүлмөй болгон.

Экспертиза Сыдымановдун сөздөрүндө кастыкты козутуу барбы-жокпу, аныкташ үчүн дайындалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG