Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:18

«Манас» айтууну Гиннес китебине каттоо боюнча иш-чара башталды (видео)


Дөөлөт Сыдыков.
Дөөлөт Сыдыков.

Бишкекте бүгүн, 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында дастан айта баштады. Азыр анын «Манас» айтып жатканына жарым сааттан ашты. Уюштуруучулар ал сааттап дастан айта турганын билдиришти.

Иш-чара Бишкектин Ала-Тоо аянтында өтүп жатат. Ал чакан концерттик программа жана жаш манасчы Үмөт Болотбек уулунун дастан айтуусу менен салтанаттуу түрдө ачылды. Ага чейин Дөөлөт Сыдыков жана башка ондогон маданият өкүлдөрү аянтка «Манас!» деп ураан чакырып келишти.

Гиннес китебине кирген рекорддор күнү жыл сайын ноябрь айынын орто ченинде өткөрүлөт. Кыргызстандык хирург Мамбет Мамакеевдин ысымы узак жылдардан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жаткан адис катары бул китепке кирген. Ошондой эле бешбармак тамагы бир жасалганда 1,5 миң килограмм даярдалып, рекорд деп таанылган. Бул китепте кыргыз каскадеру Үсөн Кудайбергеновдун да ысымы бар. Ал 1980-жылы тартылган “Генийдин жаштыгы” кинотасмасында аргымак менен 27 метр бийиктиктеги аскадан сууга боюн таштап, бул трюгу Гиннес китебине жазылган.(NT)

Манасчылыкты Гиннеске киргизүү аракети
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00

XS
SM
MD
LG