Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:49

Орусия Кызыл деңиздин жээгинде аскердик база ачат


Орусия флотундагы суу алдында жүрчү кемелердин бири.
Орусия флотундагы суу алдында жүрчү кемелердин бири.

Орусия Судандын аймагында Кызыл деңиздин жээгинде аскер-деңиз базасын ачат. Тиешелүү өкмөттүн токтомуна орус премьер-министри Михаил Мишустин кол койгону белгилүү болду.

Жаңы база ачуу маселеси Судандын былтыр аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында бийликтен кеткен президенти менен талкууланып келген.

Ага ылайык, Орусиянын базасына 300гө жакын аскер, төрт кеме жайгаштырса болот. Келишим 25 жылга түзүлөт жана эгер эки өлкө каршы болбосо дагы 10 жылга дароо узартылат.

Кызыл деңизге орус базасын жайгаштыруу боюнча 2017-жылы Судандын ал кездеги президенти Омар аль-Башир билдирип, аны «АКШнын агрессиялык аракетинен коргонуу» максаты менен түшүндүргөн.

Былтыр апрель айында аль-Башир аскердик төңкөрүштүн натыйжасында бийликтен кулатылып, коррупциялык кылмыштары үчүн эки жылга кесилген. Судандын учурдагы бийлиги мурдагы президентти Гаагадагы Эл аралык сотко өткөрүп берүүгө да макул болгон.

XS
SM
MD
LG