Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Билим берүү министрлиги түркиялык «Маариф» фонду менен макулдашууга кол койду


Түркия менен Кыргызстандын желектери.
Түркия менен Кыргызстандын желектери.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Түркиядагы иш сапарынын алкагында Билим жана илим министрлиги менен түркиялык «Маариф» фонду Кыргызстанда менчик билим берүү мекемелерин ачуу жана иш алып баруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, макулдашуунун долбоору эки өлкөнүн тийиштүү органдары тарабынан кылдат каралып чыккан.

2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-сентябрда Кыргызстандагы расмий сапарынын жүрүшүндө «Маариф» фонду менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.

Маселе 1-сентябрда Эрдогандын Кыргызстандагы сапарында да көтөрүлүп, президент Сооронбай Жээнбеков «Сапат» мектептери мамлекеттин толук көзөмөлүндө экенин билдирген. Билим берүү жана илим министрлиги 4-сентябрда «Маариф» фонду өлкөдө билим берүү борборлорун ача турганын жана ал Кыргызстандын мыйзамы менен иштей турганын жарыялаган.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG