Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:19

«Азаттыктын» беларус кызматынын журналисти 15 күнгө камакка алынды


Олег Груздилович сот залында.
Олег Груздилович сот залында.

Минскинин Фрунзе райондук соту «Азаттык» радиосунун беларус кызматынын кабарчысы Олег Груздиловичти 15 суткага камакка алды. 61 жаштагы журналист нааразылык акциясын чагылдырып жүргөндө «уруксатсыз митингге катышкан» деген айып коюлду.

Груздилович - Беларустагы таанымал журналисттердин бири, ал 25 жылдан бери «Азаттык» радиосунда иштеп келген. Беларус бийлиги журналисттин каттоосун жокко чыгарганы үчүн Груздилович «Элдин эрки» гезитинин атынан 25-октябрдагы нааразылык акциясын чагылдырганы барган. 10-ноябрда журналист үйүнөн кеткен.

Олег Груздилович сотто: «Бул менин журналисттик ишим. Журналисттерди аткарган иши үчүн жоопко тартууну туура эмес деп ойлойм», - деп билдирди.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өткөн жана Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес, ошондон бери өлкөдө нааразылык акциялары токтой элек.

Андан бери демонстранттарды кууп таратып, жарандык активисттер менен оппозиция өкүлдөрүн күч колдонуп кармап келет.

Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү Беларус бийлигинин бул аракеттерин сынга алып, санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG