Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 22:42

Эрматбек Исмаиловду Кара-Сууга аким кылууну сурангандар өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнө кайрылышты


Эрматбек Исмаиловду аким кылып дайындоону суранып баргандар. 2020-жылдын 12-ноябры, Ош облустук администрациясы.

12-октябрь күнү 50дөн ашык киши Эрматбек Исмаиловду Кара-Суу районуна аким кылып дайындоону суранып өкмөттүн Оштогу облустук өкүлчүлүккө келди. Алар менен облус жетекчисинин биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев жолугуп, өтүнүчүн жогорку бийлик өкүлдөрүнө жеткире турганын айтты.

Исмаиловдун аким болушун кубаттап баргандардын бири Арстанбек Абдышов топтолгондор Кара-Суу районунун ар кайсы айыл өкмөттөрүнөн экенин айтты:

«Жалпы Кара-Суу районунда 16 айыл өкмөтү бар. Ошол айыл өкмөттөрдөн келе калган адамдар. Биз өзүбүз эле келдик. «Ютубдан» көрүп жатабыз. Каршы болгондор Бишкекке чейин барып жатышат. Биз эми чындыкты эле талап кылып келдик».

11-ноябрь күнү облустук администрацияга бир нече киши барып, Эрматбек Исмаилов аким болуп келсе митингге чыга турганын айтып кайрылышкан.

Буга чейин Эрматбек Исмаилов «Азаттыктын» кабарчысына «аким болуп дайындалганы» тууралуу маалыматты төгүндөп, Бишкек шаарында жүргөнүн айткан. Кийин «Клооп» басылмасына ал өз талапкерлигин көрсөткөнүн, эки-үч күндө маселе чечилип каларын билдирген.

Папан айыл өкмөтүнүн мурунку жетекчиси Эрматбек Исмаилов жерлерди мыйзамсыз сатууга байланыштуу айыпталып, ага 2018-жылы кылмыш иши козголгон. Кылмыш кодексинин «Шалаакылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, жазадан бошотулган.

Исмаилов төрт ирет айыл өкмөт башчысы болуп шайланып, 2019-жылы өз арызы менен иштен кеткен. Ага чейин Папан айыл өкмөтүнүн тургундары бир нече жолу ага жана ошол кездеги аким Тилек Матраимовго каршы митингге чыгышкан. (DU)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG