Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Садыр Жапаров элчилер жана консулдар менен жолугушту


Садыр Жапаровдун элчилер, консулдар, эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугушуусу. 13-ноябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаровдун элчилер, консулдар, эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугушуусу. 13-ноябрь, 2020-жыл.

Бүгүн, 13-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстанда аккредитацияланган дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен жолугуп жатат.

Жапаров өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал тууралуу ар кандай бүдөмүк ойлорду алып салыш үчүн ушундай форматта кездешип жатканын айтты.

Садыр Жапаров өлкөдө коомдук-саясий кырдаал толук турукташканын маалымдады.

«Азыркы учурда Кыргызстандагы окуялардын мыйзам ченемдүүлүгү жөнүндө ар кандай баалар угулуп жатат. Биз 2005-2010-жылдардагы саясий окуялардан сабак алдык. Мындан ары биз бюрократиянын элден өйдө болушуна жол бербейбиз. Өкмөт эл алдындагы милдеттенмелерин ырааттуу аткарышы керек. Буга чейин Кыргызстанда болуп өткөн эки жолку революцияда мамлекетибиз бир топ убакытка чейин укуктук алкакка кире албай калгандыгы эч кимге жашыруун эмес. Бул жолкуда өзүңүздөр байкагандай, өлкөдө ички саясий кырдаал турукташып, саясий процесстер конституциялык нукка тезинен кайтып келди. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин легитимдүүлүгү бекемделип, анын аткаруу органдары туруктуу режимде иштөөнү улантууда. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, жаңы президенттик шайлоого чейин өлкө президентинин милдеттерин убактылуу аткаруу жоопкерчилиги мага жүктөлдү. Өлкөдөгү бийликти өткөрүп берүү процедурасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдери менен тынчтык жолу менен өткөнүн баса белгилейм. Демек, Кыргыз Республикасында бийлик легитимдүү экендигин жана мамлекетибизде коомдук-саясий кырдаал толук турукташты деп толук ишеним менен айтам», - деди ал.

Президенттин милдетин аткаруучу Кыргызстан өзүнүн чет өлкөлүк өнөктөштөрү, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдар менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө ар дайым кызыкчылыгы бар экендигин билдирип, эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин алкагындагы эл аралык милдеттенмелерин улантарын жана аткарарын ырастады. COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүгө жардам берген өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаровдун элчилер жана консулдар менен жолугушуусу алгач 28-октябрга белгиленип, болбой калган. Анын эртеси өкмөт аппараты билдирүү таратып, мунун себебин премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземи да ошол күнү өткөндүктөн, Садыр Жапаров элчилер менен кездеше албай калганын кабарлаган.

Мунун алдында социалдык тармактардын айрым колдонуучулары Садыр Жапаров менен жолугушууга бир да элчи келбей койгонун, көбү орун басарларын, атташелерди жиберип коюшканын жазышкан. Ошол себептүү кездешүү өтпөй калганы маалымдалган.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, быйыл 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министрлик кызматка бекиткен Садыр Жапаров аткарууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG