Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

ИИМдин тиешелүү кызматы жети килограммдай баңгизат алып жүргөндөрдү кармады


Кыргызстанда кармалган баңгизат. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда кармалган баңгизат. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 6 килограмм 942 граммдык көлөмдөгү баңгизат алып жүргөн үч кишини кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, 48 жаштардагы Ош шаарынын тургуну (Р.У.) жана Кара-Суу районунун тургуну (М.у.Б.) гашиш, героин, марихуана заттарын мыйзамсыз сатууга даярданып жүрүшкөн. Соңку жаран бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турары такталды.

Кармалган жарандар тергөө абагына киргизилди. Кылмышка тиешеси бар башка кишилерди аныктоо иштери уланууда.

ИИМдин 2020-жылдын тогуз айындагы ишинин жыйынтыгын чыгарган 28-октябрдагы онлайн коллегияда маалымдалгандай, отчёттук маалда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан 643 кылмыш катталган. Жалпысынан бир тонна 277 килограмм 524 грамм баңгизаттар, психотроптук каражаттар менен перекурсорлор алынган.

Мыйзамсыз жүгүртүлгөн баңгизаттын ичинен төрт килограмм 852 грамм - героин, 116 килограмм 102 грамм - гашиш, 146 килограмм - марихуана, 320 килограмм 802 грамм - перекурсорлор жана башкалар - 689 килограмм 768 грамм. (ErN)

XS
SM
MD
LG