Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:07

Садыр Жапаров казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефондон сүйлөштү


Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен кызматташтык маселелерин телефон аркылуу талкуулады. Бул тууралуу кыргыз президентинин сайты кабарлады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө күн тартибинде турган эки тараптуу маселелер жана эки мамлекеттин ортосундагы жакынкы келечектеги кызматташуу кадамдары тууралуу сөз болду.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучу ошондой эле Кыргызстандын Казакстан менен саясий кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө чечкиндүү түрдө ниеттенгенин билдирди.

Соңунда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстан ынак коңшу, ишеничтүү дос, стратегиялык өнөктөш жана союздаш экенин дагы бир жолу белгиледи.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди октябрдын аягында Нур-Султанда кабыл алып, Кыргызстанга көмөк көрсөтүү жөнүндө сөз кылды. Бул тууралуу Акордонун расмий сайты 30-октябрда кабарлаган.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген. Азыр президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган жана кийин Жогорку Кеңеш премьер-министр кылып шайлаган Садыр Жапаров аткарып жатат.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG