Кыргызстанда ушул күндөрү ооруканада 3 315 адам жатат, дагы 3 905 бейтап үйдөн дарыланууда.
Алардын ичинен 58 (1,7%) бейтаптын абалы канаттандырарлык, 2 124 кишиники (64,0%) орто оор, 1 004 (30,2%) оор абалда, 129 (3,8%) адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб тараткан маалыматка караганда, 14-ноябрга карата Кыргызстанда коронавирус илдетинен баш-аягы 1 196 адам каза болду.
Оору 65 953 кишиге жугуп, 56 847 бейтап COVID-19 илдетинен айыгып чыкты.
Соңку бир сутка ичинде өлкөдө 16 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Жалпысынан илдет 3 693 дарыгерлерден табылып, алардын ичинен 3 483ү сакайды. (BTo)