Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Террорчул "ал-Кайиданын" төбөлдөрүнүн бири ал-Масри өлтүрүлгөнү кабарланууда


Абдулла Ахмед Абдулла ("ал-Масри").
Абдулла Ахмед Абдулла ("ал-Масри").

Террорчул уюм болгон "ал-Кайиданын" жетекчисинин орун басары саналган Абу Мухаммад ал-Масри быйыл жайында Иранда жашырынып жүргөн жеринде өлтүрүлгөн.

Абу Мухаммад ал-Масри аты менен таанылган бул инсандын өз ысымы - Абдулла Ахмед Абдулла. "Масри" шарттуу аты - анын тегинин Египеттен экенин көрсөтөт.

Ал "ал-Кайиданын" азыркы таптагы жетекчиси Айман аз-Завахиринин мураскору болот ко деп жоромолдонуп келген.

"Нью-Йорк таймс" басылмасынын 13-ноябрдагы маалыматына караганда, ал-Масри быйыл 7-августта Тегерандын көчөлөрүнүн биринде мотоциклчен эки израилдик тыңчы тарабынан атып өлтүрүлгөн.

14-ноябрда Ирандын тышкы иштер министри бул кабарды четке какты жана Иран жергесинде террорчу "ал-Кайида" уюмунун эч бир мүчөсү жок деп билдирди.

"Нью-Йорк таймс" басылмасынын маалымдашынча, ал-Масринин жанындагы кызы да өлтүрүлгөн. ал болсо "ал-Кайиданын" мурдагы лидери Осама бен Ладендин уулу Хамзанын жесири болгон.

Шийилер бийликте турган Иран менен суннийлерден чыккан "ал-Кайида" терррочу тобу өз ара душман саналышат. Бирок АКШнын чалгын кызматынын маалыматына караганда, ал-Масри 2003-жылдан тартып Иранда абакта отурган жана 2015-жылдан тартып бул өлкөдө ээн-эркин байырлап келген.

Расмий Тегеран болсо өзүнүн "ал-кайидачыларга" баш паана бергендиги тууралуу ар кандай кабарды жалганга чыгарып келет.

XS
SM
MD
LG