Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Равшан Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. Парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыктардан кийин 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган.

14-ноябрда саат 14:30 карата БШКга 42 жаран арыз калтырды. Алардын арасында президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров да бар.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн жарандар БШКга документтерин 14-ноябрдын акырына чейин тапшырышы керек.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келген.

Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген. Президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров аткарып калган.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (BTo)

XS
SM
MD
LG