Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Жапаров президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 14-ноябрда кызматын тапшырганы тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жайгаштырылды. Ошондой эле Жапаровдун элге кайрылуусу жарыяланды.

«Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи. Урматтуу мекендештерим, ушуга байланыштуу мен өлкө президентинин ыйгарым укуктарын мыйзам чегинде тапшырып берип, премьер-министр катары ыйгарым укуктарымды токтотуп, президенттик шайлоого катардагы жаран катары катышайын деп чечтим», - деп айтылат кайрылууда.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келди.

6-октябрга караган түнү элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров 14-октябрда премьер-министр болуп дайындалган. Жапаровдун тарапташтарынын талабы менен эки күндөн кийин Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген.

Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Канатбек Исаев президенттин милдетин убактылуу аткаруудан баш тартып, 16-октябрда бул иш Жапаровго жүктөлгөн.

Садыр Жапаров келерки жылдын 10-январына белгилеген мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырды. Мыйзам боюнча эми парламент спикери Талант Мамытов президенттин милдетин убактылуу аткарат.

Жапаров 12-ноябрда өткөн басма сөз жыйынында премьер-министрлик кызматын тапшырбай турганын, өкмөттү биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков убактылуу башкарарын айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG