Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:12

Аба ырайы: Жаан, кар жаайт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 15-16-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;

Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​ ​түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Бийик тоолордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Бишкекте 16-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 1…3° болот.

XS
SM
MD
LG