Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Айтматов тууралуу «Евразиялык жазуучунун даңазалуу жолу» деген китеп чыкты


Рахима Абдувалиеванын «Евразиялык жазуучунун даңазалуу жолу» аттуу китеби.
Рахима Абдувалиеванын «Евразиялык жазуучунун даңазалуу жолу» аттуу китеби.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык жана өмүр жолун баяндаган «Евразиялык жазуучунун даңазалуу жолу» деген китеп Лондон шаарында жарык көрдү.

Китепти жазуучу менен көп жылдар бирге иштешкен, анын чыгармаларын англис, немис тилдерине которуу жана чет өлкөлөрдө жайылтуу менен алектенип келаткан Лондондогу Чыңгыз Айтматов академиясынын жетекчиси, лингвист-профессор Рахима Абдувалиева жазган.

Бул тууралуу Абдувалиева менен кызматташып жүргөн Нурболот Азамат билдирди.

«Адатта Айтматов боюнча жазылган китептер автордун ою менен башталат эмеспи. Рахима Абдувалиеванын китеби болсо фактыларга, кошумча маалыматтарга каныгып жазылган экен», - деди ал.

Анын сөзү боюнча, китепте Чыңгыз Айтматовдун балалыгы, адабий карьерасы, дипломатиялык миссиясы, эл аралык кадыр-баркы, негизги идеялары тууралуу баяндалат.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда эле «Жамийла», «Саманчынын жолу», «Гүлсарат», «Бетме-бет», «Ак кеме», «Кылым карытар бир күн», «Кыямат» ж.б. мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган.

Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. ЮНЕСКО уюму Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Жазуучунун чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө чоң нуска менен кайталанып басылып чыгып келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG