Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 04:08

2021-жылдын бюджетинин долбоору парламент комитеттерине киргизилди


Кыргызстандын улуттук валютасы. Иллюстрациялык сүрөт.

«2021-жылдын бюджети жана 2022-2023-жылдарга карата болжолу тууралуу» мыйзам долбоорун өкмөт Жогорку Кеңештин тармактык комитеттерине киргизди. Бул тууралуу парламенттин сайты кабарлады.

Анда маалымдалгандай, документти бүгүн, 16-ноябрда Бюджет жана финансы боюнча комитет, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитет карайт.

Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет менен Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет мыйзам долбоору жөнүндө маалыматты 17-ноябрда угат.

Калган беш комитет бюджетти качан карай турганы белгиленген эмес. Алардын баарында каралгандан кийин мыйзам долбоору жалпы палатага чыгат. Комитеттер мындан сырткары 2019-2020-жылдардын бюджетине байланыштуу мыйзамдарды да карап, палатага чыгарышы керек.

Мурдараак кабарлангандай, 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 163 млрд. 26 млн. сом, чыгашасы 170 млрд. 64 млн. сом деп болжолдонууда. Натыйжада тартыштык 7 млрд. сомду түзөт.

Быйыл коронавирус пандемиясы башталгандан кийин кайра саналган бюджеттин таңкыстыгы 28-30 млрд. сомду түзөрү белгилүү болгон. Шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда кызматын тапшырган жана буга чейин президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров 14-октябрдагы парламенттин отурумунда дефицит 42 млрд. сомго чейин жетиши ыктымал экенин айткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG