Орусия Федерациясында Сибирдеги Иркутск облусуна караштуу бир шаарда көчөдөгү карды эритиш үчүн чачылган кумдун арасынан киши сөөктөрү да чыкканын «Интерфакс» агенттиги кабарлады.
Бул окуя Киренск шаарынын жанында болгон. Ал тууралуу 15-ноябрда Орусиядагы соцтармактарда жарыяланып, жергиликтүү бийликтин дарегине карата олуттуу сын айтылды.
Иркутск облустук ички иштер бөлүмү бул окуяны «Интерфакс» агенттигине тастыктады жана ага байланыштуу тергөө иштери башталганын билдирди.
Көрсө, жолго кум чачуу менен алектенген коммуналдык кызмат компаниясы асфальтталган жолго жакын жердеги эски көрүстөндүн жанынан кум каздырган экен. «Интерфакс» агенттиги жолдо чачылган сөөктөр бир кылымдан мурдараак көмүлгөн маркумдарга таандык болуп чыкканын маалымдады.