Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Казакстанда Орусиянын коронавируска каршы вакцинасын өндүрчү ишкана курулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда Орусиянын коронавируска каршы вакцинасын өндүрүүчү атайын ишкана курулат. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев 16-ноябрда өкмөт мүчөлөрү менен өткөргөн жыйында айтты.

Бул багытта Орусиянын президенти Владимир Путин менен макулдашылганын белгилеген Токаев Казакстандын өкмөтү бул долбоорго инвестиция тартуу аракетинде сүйлөшүүлөрдү да баштаганын билдирди.

Казакстандын президенти өкмөттүн негизги милдети - жергиликтүү вакцина иштеп чыгарууну кечеңдетпей, жолго коюу зарылдыгына басым жасаган. Бирок сөз кайсы вакцина жөнүндө болуп жатканы анык эмес.

Орусия да «Спутник V» аттуу вакцинанын үчүнчү сынагынын жыйынтыгы чыкканын 11-ноябрда жарыялаган. Орусиялыктардын айтымында, алардын вакцинасы 92% жакын натыйжалуулукту камсыз кылат. Андан тышкары, сыноо баскычы аяктай элек «ЭпиВакКорона» вакцинасы да даярдалган.

Ал арада Кошмо Штаттардагы «Moderna» компаниясы коронавируска каршы күрөш үчүн даярдап жаткан дагы бир вакцинанын сыноосунун үчүнчү баскычы аяктады. Бул жаңы вакцинанын натыйжалуулугу 94,5% түздү. Мурдараак америкалык «Pfizer» жана германдык «BioNTech» компаниялары да коронавируска каршы вакцинаны ийгиликтүү түрдө сынактан өткөргөнүн жарыя кылышкан.

XS
SM
MD
LG