Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:34

Кыргызстанда «Медайымга рахмат айт» өнөктүгү башталды


Кыргызстандагы стационарлардын биринен тартылып алынган сүрөт. Медайым бейтапка жардам көрсөтүүдө.
Кыргызстандагы стационарлардын биринен тартылып алынган сүрөт. Медайым бейтапка жардам көрсөтүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги «Кыргыз Республикасынын медициналык билим берүүсүн реформалоо» долбоорунун колдоосу менен «Медайымга рахмат айт» маалымат өнөктүгүн баштады. Мекеме кабарлагандай, акция 21-ноябрга чейин уланат.

Өнөктүктүн алкагында жалпы маалымат каражаттарында жана коомдук жайларда социалдык жарнамалар (плакаттар, постерлер, видеороликтер) жайгаштырылып, медайымдар телерадио берүүлөрүнө катышат. Социалдык тармактарда (#МедайымдаргаРахмат #СпасибоМедсестрам хештеги астында) онлайн иш-чаралар уюштурулуп, кесипкөй адистер сыйланмакчы.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мурдараак 2020-жылды Медайымдардын жана акушерлердин эл аралык жылы деп жарыялаган. Кампания ушуга арналган иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат.

2020-жылы Кыргызстанда 2428 акушерка, 1450 фелдшер, 25597 медайым калкка медициналык-профилактикалык жардам көрсөттү.

Дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 пандемиясына байланыштуу бул топтун өкүлдөрү быйыл «кызыл» зоналарда, көчмө топтордо, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө, ошондой эле 118 байланыш борборунун операторлору катары эң чоң жүктү аркалашты.

Акыркы суткаларда күнүнө 20дай медицина кызматкеринен коронавирус илдети табылып жатат. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 735 учур катталды, алардын ичинен 3 499 дарыгер сакайды. (ErN)

XS
SM
MD
LG