Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Парламенттин басма сөз кызматы «Адилет» укуктук клиникасынын билдирүүсүнө жооп кайтарды


Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы «Адилет» укуктук клиникасынын «депутаттар мыйзам долбоорлорун коомдук талкууга койбой кабыл алып, Конституцияны жана регламенттин нормаларын бузуп жатат» деген дооматына жооп берди.

Парламенттин маалымат бөлүмү мыйзамдарды жылдыруу өз убагында, регламенттин чегинде коомчулукка маалымдалып жатканын билдирет.

«Эл өкүлдөрү демилге көтөргөн жана парламентте биринчи-экинчи окууда кабыл алынган мыйзамдардын долбоорлору Жогорку Кеңештин расмий сайтында бир ай алдын жайгаштырылып жатат. Үчүнчү окууда кабыл алынган мыйзам долбоорлору парламенттин сайтынын тиешелүү бөлүмүнө үч-төрт ай мурда коюлган. Депутаттардын ишмердүүлүгү тууралуу жарандарга маалымат жеткириш үчүн kenesh.kg сайтынын жаңылыктар бөлүгү улам жаңыланууда. ЖМК менен байланыш, отурумдарга журналисттерди аккредитациялоо, аудио, видео материалдарды даярдоо жана таратуу мурдагыдай режимде алып барылууда», деп айтылат бөлүм тараткан билдирмеде.

Бир күн мурун «Адилет» клиникасы билдирүү таратып, жарандар мамлекеттик башкарууга, чечимдерди кабыл алууга катышуу укугуна Конституция менен кепилдик берилгенине карабастан мындай мүмкүнчүлүктөн ажырап турганын, ондогон мыйзамдар коомдук талкууга коюлбастан, мыйзамда көрсөтүлгөн шартта жана мөөнөттө каралбай кабыл алынып жатканын сынга алган.

Мекеме ошондой эле Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын мыйзамдуу мөөнөтү 28-октябрда аяктагандыктан парламентте бул датадан кийин кабыл алынып жаткан мыйзамдар жана башка чечимдер келечекте талаш жаратып, териштирүүгө негиз болушу ыктымал экенин эскерткен. Парламенттин басма сөз кызматы клиниканын билдирүүсүнүн бул бөлүгүнө жооп берген эмес.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда Жогорку Кеңештин имараты жана техникасы талкаланган. Парламенттин сайты бир нече күн иштебей турган. Кийин сайт толугу менен калыбына келип, азыр үзгүлтүксүз иштеп жатат. Сайттын коомдук талкууга коюлуучу мыйзам долбоорлору боюнча бөлүмү 22-октябрдан тартып жаңыланды.

Парламенттик кайра шайлоо качан өтөрү белгисиз. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы 2015-жылы беш жылдык мөөнөткө шайланган. Юристтердин бир бөлүгү алардын мөөнөтү 28-октябрда аяктаганын белгилесе, экинчи бөлүгү ал жаңы чакырылыштын биринчи отуруму болгонго чейин мыйзамдуу экенин айткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG