Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:28

Ош шаары COVID-19 эң көп жайылган аймак болууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда COVID-19 вирусу эң көп жайылган аймак Ош шаары болуп турат. Бул тууралуу 17-ноябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб өткөн аптанын көрсөткүчтөрүнө таянып кабарлады.

Элдин санына эсептегенде Ошто 100 миң кишинин 102си коронавируска чалдыкканы аныкталды. Бишкекте бул көрсөткүч 84 адамды, Ысык-Көл облусунда дээрлик 82 адамды түзүүдө.

Бир апта ичинде 19 604 адам коронавируска тест тапшырган, алардын 12,5% боюнча оору тастыкталган.

Коронавирус жалпысынан 67 469 кыргызстандыкка жукту, алардын арасынан 1207 адам каза болду. Азыр ооруканада 3138 адам, үйдө 4100 бейтап дарыланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG