Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Кыргызстанда быйыл пневмониядан каза болгондор 2,5 эсе көп


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл пневмониядан каза болгондор былтыркыга салыштырганда 2,5 эсе көп. Улуттук статистика комитети 17-ноябрда тогуз айдын жыйынтыгы тууралуу тараткан маалыматка караганада, быйыл сентябрь айына чейин бул ооруга чалдыккан 26 миң адам катталды, былтыр 24 миң болгон.

Былтыр пневмониядан каза болгондор январь-сентябрь айларында 444 адамга жетип, бул көрсөткүч өпкө ооруларынын арасында 33% түзсө, быйыл 1112 бейтап каза болуп, 54% жетти.

Статистика комитети элдин санына эсептегенде былтыр сентябрга чейин 100 миң адамдын тогузу өпкөсүнөн кагынып көз жумса, быйыл 23 болуп, былтыркыга салыштырганда 2,5 эсе көп катталганын билдирди.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу кыргыз өкмөтү быйыл июль айында пневмонияны COVID-19дун бир түрү катары каттоого ала баштаган.

Жалпысынан март айынан бери коронавирус 67 миң кыргызстандыкка жукту, алардын 1200дөн ашууну көз жумду. (RK)

XS
SM
MD
LG