Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 17-ноябрда өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков менен өлкөдө социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана президенттик шайлоону уюштуруу маселелерин талкуулады.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Мамытов президенттик шайлоону ачык-айкын жана таза өткөрүү, бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүү негизги милдеттердин бири экенин белгиледи.
Новиков шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүгө бардык күч-аракет жумшаларын айтып, республикалык штаб түзүлгөнүн маалымдады.
Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. 10-январга дайындалган президенттик шайлоого катышуу ниетин 63 жаран билдирди. Алардын арасында 6-октябрдан кийинки бийлик алмашууда президенттин милдетин аткарып туруп, шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда кызматын өткөрүп берген Садыр Жапаров да бар. (RK)