Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

«Crew Dragon» кемеси Эл аралык космос станциясына жалгашты


«Crew Dragon» ракетасы.
«Crew Dragon» ракетасы.

Америкалык «SpaceX» корпорациясы эки астронавт менен учурган «Crew Dragon» кемеси шейшембиде эртең менен Эл аралык космос станциясына ийгиликтүү жалгашты. Учурда экипаж станцияга өттү.

Америкалык астронавттар Майкл Хопкинс, Виктор Гловер, Шеннон Уокер жана жапон астронавты Соити Ногути Эл аралык космос станциясында жарым жыл болушат.

Алар бул станциядагы 64-узак мөөнөттүү экспедициясынын мүчөлөрүнө кошулат.

Бул НАСА менен америкалык ишкер Илон Маск түптөгөн «SpaceХ» компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашты.

Бул 2011-жылы «Space Shutlle» программасы токтотулгандан бери АКШнын аймагынан Эл аралык космос станциясына багытталган үзгүлтүксүз сапар болуп калды. Буга чейин «Crew Dragon» ракетасы астронавттар менен алгачкы жолу 30-майда сыноо максатында учурулган болчу.

XS
SM
MD
LG