Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Адвокат Жоошев: Атамбаевдин камактагы сүйлөшүүлөрү жашыруун жазылган видеону сыртка чыгаргандар жазаланышы керек


Алмазбек Атамбаев соттук иштерге катышып жаткан учуру. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев соттук иштерге катышып жаткан учуру. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев мурдагы мамлекет башчынын камакта отурган учурдагы сүйлөшүүлөрү жашыруун жазылган видео колуна тийгенин кабарлап, аны «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды.

Жоошев маалыматты «Азаттыкка» да ырастап, видеону белгисиз адамдын колунан алганын айтты. Адвокат тасма Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан тартылган деп эсептейт.

«Видеону атын ачыкка чыгарууну каалабаган адам берди. Анын кебине ылайык, ал 5-6-октябрь күнү Жогорку Кеңешке кирген учурда президент Сооронбай Жээнбековдун иш бөлмөсүнөн таап алган. Видео 42 мүнөт экен, анда Алмазбек Атамбаев өзүнүн башка адвокаты Сергей Слесарев менен баарлашып жатканы жазылыптыр. Башкача айтканда сыртка чыкпай турган, купуя маалыматтар, үй-бүлөлүк маселелер талкууланган. Мыйзамга ылайык, адвокат менен айыпталуучунун сүйлөшүүсүн эч ким жаздырбаш керек, укпаш керек. Биринчиден, УКМКнын администрациясы тартып алган, муну эч ким тана албайт. Экинчиден, ал жердеги сүйлөшүүлөр Сооронбай Жээнбековго кызык болгону үчүн, видеону ага жеткирип беришкен деп эсептейм»,-деди ал.

Замир Жоошев бул фактыны тиешелүү органдар иликтеп, видеону таркаткандарды, аны сыртка чыгаргандарды таап, жазага тартууну талап кыларын белгилейт.

УКМК бул жагдай боюнча расмий түшүндүрмө бере элек. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдон жана анын өкүлдөрүнөн да бул жөнүндө комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында 2019-жылы кармалган. Бул боюнча быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Атамбаевди өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен.

Бишкек шаардык соту 17-августта ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Башкы прокуратура чечимге каршы Жогорку сотко даттанган. Келерки олтурум 30-ноябрга белгиленген.

Атамбаев мындан тышкары бир офицердин өлүмү менен коштолгон Кой-Таш окуясы жана быйыл 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башаламандык үчүн да айыпталууда.

Алмазбек Атамбаев мурдараак УКМКнын тергөө абагында кармалып келген. Азыр ал №47 түрмөдө отурат. Соттук териштирүү жабык өтүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG