Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

2020-жылдын бюджетинин дефицити 35,6 млрд. сомду түзүп, жаңы рекорддук чекке жетти


Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы министрлиги 2020-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун алкагында быйылкы киреше-чыгашанын, дефициттин көлөмү тууралуу соңку маалыматтарды берди.

Мекеме билдиргендей, соңку эсептөөлөрдө узап бараткан жылдын бюджетинин кирешеси 137 млрд. 100 млн. сом деп белгиленип, мурда такталган суммадан 1,8 млрд. сомго көп болот деп саналды. Чыгашанын көлөмү да июнда такталган суммадан 9,7 млрд. сомго көбөйүп, 172,7 млрд. сом болот деп эсептелди.

Натыйжада ортодогу айырма биринчи такталган бюджеттеги көрсөткүчкө салыштырганда 7,9 млрд. сом арбып, дефицит 35,6 млрд. сомду түздү. Финансы министрлиги бул сумманын 1,4 млрд. сому ички булактардан, 34,2 млрд. сому тышкы булактардан жабыларын тактады.

Быйыл коронавирус пандемиясы башталгандан кийин кайра саналган бюджеттин тартыштыгы 28-30 млрд. сомду түзөрү белгилүү болгон. Бул Кыргызстан эгемендик алгандан берки рекорддук көрсөткүч катары бааланган. Соңку санактар бул рекордду дагы жаңыртты.

2020-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун ушул күндөрү Жогорку Кеңештин комитеттери карап жатат. Документ соңунда жалпы палатага чыгарылат. (ErN)

XS
SM
MD
LG