Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Депутат Абжалиев: Конституциянын долбоорун талкуулайлы дегенге кол койгонбуз


Алиярбек Абжалиев.
Алиярбек Абжалиев.

Конституциянын жаңы долбоорунун мазмуну менен парламент тааныша элек. Бул тууралуу 18-ноябрда «Азаттык» радиосуна Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев билдирди.

Абжалиев - жаңы Баш мыйзам боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбооруна кол койгон 80 депутаттын бири. Анын айтымында, депутаттар жаңы долбоор талкууланышы керек деген маселеге макулдугун берип, кол коюшкан, ал эми мазмуну боюнча талкуу боло элек.

«Долбоорду көрө элекмин. Көрүп туруп айтабыз да. «Жогорку Кеңештен карайлы. Коомчулук өкүлдөрү, баары келип карашы керек» деген маселе боюнча кол койгом», - деди ал.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды.

Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Укук коргоочулар жана айрым саясатчылар эгер бул долбоор кабыл алынса Кыргызстанда авторитардык бийлик орной турганын айтып жатышат.

Долбоорду ким жазганы азырынча расмий айтыла элек жана авторлор өз пикирин билдире элек. (RK)

XS
SM
MD
LG