Ош облусунун Чоң-Алай районуна Өскөнбай Мамажакыпов аким болуп дайындалып, 18-ноябрь күнү жамаат менен тааныштырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова билдирди.
Анын айтымында, жаңы дайындалган аким Өскөнбай Мамажакыпов буга чейин Чоң-Алай районунда салык кызматын жетектеп келген.
«Бул боюнча буйрук өкүлдүн аппаратына келди. Бүгүн эртең менен өкүлдүн орун басары Ахмаджан Махаммадов жамаат менен тааныштырууга кетти», - деди Кадырбек Кызы.
Ош облусунда Араван районунан башка бардык райондордун акимдери алмашты. Алардын ичинен эң чоң район болуп эсептелген Кара-Сууда акимдин орду бош турат. Анын милдетин орун басар Капарбек Абдиев аткарып жатат. (DU)