Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Кыргызстанда «Азербайжандын досторунун клубу» түзүлдү


«Азербайжандын досторунун клубунун» уюштуруу жыйыны.
«Азербайжандын досторунун клубунун» уюштуруу жыйыны.

Кыргызстанда «Азербайжандын досторунун клубу» түзүлдү. Бишкекте клубду уюштуруу конференциясы өтүп, ага бийликтин жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Клубду түзүү боюнча демилге көтөрүп чыккан мурдагы тышкы иштер министри, «Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форуму» эл аралык коомдук бирикмесинин президенти Аскар Айтматов негизги максат - эки элдин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты элдик дипломатия каражаттары менен байланыштыруу, достукту бекемдөө экенин айтты.

Ошону менен катар ал азери элине карата жылуу мамиле атасы, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдон калыптанганын, Азербайжандын мамлекеттүүлүктү калыптандыруу, экономикалык өнүгүү жолундагы ийгиликтерине дайыма кубанып келгенин белгиледи жана клубга каалоочулардын баары мүчө боло аларын кошумчалады.

Жыйынга президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев, жарандык активист Токтайым Үметалиева, Жазуучулар бирикмесинин төрагасы Нурланбек Калыбеков, «Антитеррор-Альфа» ардагерлер бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков жана башка маданият өкүлдөрү катышты.

Конференциянын жыйынтыгында клубдун төрагалыгына Аскар Айтматов бекитилди.

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы дипломатиялык мамиле 1993-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2007-жылы ачылган. (RK)

XS
SM
MD
LG