Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Талант Мамытов Орусия менен Казакстандын элчилерин кабыл алды


Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып жаткан учуру. 18-ноябрь, 2020-жыл.
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып жаткан учуру. 18-ноябрь, 2020-жыл.

Президентттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 18-ноябрда Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону жана Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.

Мамытов эки элчи менен өлкөлөр ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташтыктын азыркы абалы тууралуу пикир алмашты. Ал өнөктөш мамлекеттердин өкүлдөрүнө коронавирус пандемиясына байланыштуу татаал мезгилде Кыргызстанга көрсөткөн ар тараптуу көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Орусия жана Казакстан менен кызматташуу мындан ары да жакшырарына ишендирди.

Орусиянын элчиси Николай Удовиченко Москва Кыргызстан менен стратегиялык жана союздаш мүнөздөгү эки тараптуу мамилелерди баалай турганын, мамлекеттердин ортосундагы интенсивдүү саясий байланыштар жана саясий диалог жүргүзүлүп турарын белгиледи.

Казак элчиси Кайрат Нурпеисов Казакстан Кыргызстандын саясий жактан турукташуусуна жана экономикалык жактан гүлдөп-өсүшүнө кызыкчылыгы бар экендигин билдирип, расмий Нур-Султан өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да улантууга даяр экендигин белгиледи.

Элчилер менен жолугушуулар өз-өзүнчө өттү.

Кыргызстанда 5-6-октябрдан кийин өкмөт башчылыкка келип, президенттик милдетти кошо аркалап жаткан Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда ишин убактылуу токтоткон. Натыйжада президенттин милдетин аткаруу парламенттин төрагасы Талант Мамытовго жүктөлгөн. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG