Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:40

КТРКнын директорлугуна 15 киши талапкерлигин көрсөттү


Коомдук телерадиоберүү корпорациясына (КТРК) караштуу телеканалдардын микрофондору. Иллюстрациялык сүрөт.
Коомдук телерадиоберүү корпорациясына (КТРК) караштуу телеканалдардын микрофондору. Иллюстрациялык сүрөт.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) башкы директорлук кызматына 15 адам өз талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу мекеменин Байкоочу кеңеши кабарлады.

Анда айтылгандай, каалоочулардын жабык конвертте берген документтери кечээ, 18-ноябрь күнү кечинде ачылды.

Телеканалды жетектөөгө Бахтияр Алиев, Сураган Босумбаев, Сталбек Дюшалиев, Замир Казакбаев, Усен Көлбаев, Кадырали Кошалиев, Эрнис Кыязов, Дүйшеналы Мамбетөмүрөв, Шайырбек Мукарамов, Ырыс Окенова, Абдыкадыр Султанбаев, Калыбек Тайтекев, Болотбек Тиллебаев, Алим Токторов жана Айбек Турдалиев арыз тапшырган.

Талапкерлердин баары сынактын экинчи баскычына өттү.

КТРК Байкоочу кеңеши мекеменин директорлук кызматына 29-октябрда ачык сынак жарыялаган.

Өлкөдөгү 5-6-октябрдагы окуялар учурунда КТРКда жетекчилик алмашкан. Ошол учурдагы башкы директору Жайнак Үсөн уулу өз каалоосу менен кызматтан кеткени кабарланып, Байкоочу кеңеш чукул жыйынга чогулуп, убактылуу башкы директорду шайлоо маселесин караган. Жыйында эки топтун кишилери кирип, алардын бири Мирлан Самыйкожону, экинчиси Чынар Капарованы башкы директорлук кызматка сунуш кылган.

Байкоочу кеңеш эки ирет каналдын эмгек жамааты менен жолугуп, алардын ойлорун уккандан кийин төрт кишинин – башкы директордун орун басары Жылдыз Уракунованын, каналдын продюсери Мирлан Самыйкожонун, мурда КТРКда иштеп кеткен, «Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкер Чынар Капарованын жана Байкоочу кеңештин мүчөсү Жылдыз Бакашованын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Эки жолку добуш берүүдө бир да талапкер жетиштүү добуш ала алган эмес. Капарова абалды чыңалтпоо үчүн өзүн «Ала-Тоо 24» каналына, Самыйкожону «Биринчи коомдук каналга» продюсер кылып коюуну сунуш кылып, ал колдоо тапкан. Самыйкожо менен Капарова өз талапкерлигин чакыртып алган. Кайрадан өткөн добуш берүүдө Жылдыз Бакашова башкы директордун милдетин аткаруучу болуп шайланган.

Байкоочу кеңештин маалыматына караганда, ушул эле күнү саат 19:00 чамасында белгисиз кишилердин тобу КТРКнын башкы кеңсесине бастырып кирип, Мирлан Самыйкожону башкы директор деп жарыялаган жана Байкоочу кеңештин жоюлганын билдирген. Алар КТРКнын «улуттук» деген макамы кайтарылганын айтышкан. Коркутуп-үркүтүүдөн улам Байкоочу кеңештин мүчөлөрү КТРКнын имаратынан чыгып кетүүгө аргасыз болушканы кабарланган.

14-октябрда Жылдыз Бакашова өз арызы менен кызматтан кеткен, башкы директордун милдетин ошондон бери Бактияр Алиев аткарып келатат.

КТРКнын 15 кишиден турган Байкоочу кеңешинин ушу тапта 14 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калгандарын жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан тандалып келген. (ErN)

XS
SM
MD
LG