Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанга жөнөп кетти


Руслан Казакбаев, тышкы иштер министри.
Руслан Казакбаев, тышкы иштер министри.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү үчүн Тажикстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Иш сапарынын алкагында Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана башка аткаминерлери менен жолугушат. Жолугушуулар 19-20-ноябрь күндөрү болот.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик кызматташуусунун саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка кеңири өңүттөрү талкууланмакчы. Мындан сырткары коопсуздук темасы да сөз болушу күтүлүүдө.

Тараптардын кездешүүлөрүндө Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссияларынын мындан аркы жумуштарына өзгөчө көңүл бурулмакчы.

Мурдараак Кыргызстандын президентинин милдетин аткарып турган учурда премьер-министр Садыр Жапаров Баткендеги иш сапарынын алкагында, кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек аралары тууралуу маселеге токтолуп, аларды тактоо иштери жандантыларын билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун ичинен 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат.

Талаштуу тилкелер Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында. Бул жерлерде жайыт, жер, сугат суу талашынан улам эки элдин ортосунда чыр-чатак көп болот. Буга чейин эки өлкөнүн президенттери да чыр-чатакка байланыштуу маал-маалы менен диалог жүргүзүп келген. (ErN)

XS
SM
MD
LG