Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Германияда нааразылык акциясы күч менен таратылды


Берлиндеги саламаттыкка байланыштуу нааразылык акциясы. 18 ноябрь, 2020-жыл.
Берлиндеги саламаттыкка байланыштуу нааразылык акциясы. 18 ноябрь, 2020-жыл.

Германиянын борбору Берлиндеги 18-ноябрдагы нааразылык акциясында жүздөгөн адам кармалды. Митингдерге инфекциялык оорулардан коргоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү себеп болду.

Полиция чогулгандарды алгач Бранденбург дарбазасынан оолактатып, кийин суу атуучу жана көздөн жаш агызуучу куралдарды колдонду. Демонстранттар менен тиреште ондогон полиция кызматкерлери да жабыр тартты.

Өкмөт мыйзамды оңдоо коронавирустук инфекциянын кезектеги жапырт таралышынын алдын алууда так талаптарды макулдашууларга шарт түзөрүн билдирүүдө. Учурдагы чектөө чараларын Бундестаг парламенттин киришүүсүз федералдык аймактардын жетекчилери менен макулдашып кабыл алган.

Сынга алгандар документ Германиянын Саламаттык сактоо министрлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтет деп эсептешет. Нааразылыкка чыккандардын айрымдары бийлик коронавируска каршы мажбур вакцинацияга барарын болжоп жатышат. Өз кезегинде өкмөт COVID-19 вирусуна каршы эмдөөгө медициналык камсыздоосуна карабай бардыгында бирдей мүмкүнчүлүк болуш керек экенин белгилөөдө.

Германияда коронавирустун ыкчам жайылышынан улам ноябрдын башынан тартып кеминде бир айга чектөөлөр киргизилген. Спортзалдар, сулуулук салондору, кинотеатрлар жабылды. Ресторандар жана барлар тамакты жана ичимдиктерди үйгө алып кетиш үчүн гана сата алышат. Чектөөлөр бул жолу жаздагыдай чачтарачтарга жана мектептерге жайылтылган жок.

Жыл башында COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Германияда илдет жугузган 850 миң бейтап катталды. 13,5 миңдей бейтап каза болду. (ErN)

XS
SM
MD
LG