Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:41

Адвокат Замир Жоошев Атамбаевдин сүйлөшүүлөрү тартылган видеого байланыштуу прокуратурага арыз жазды


Алмазбек Атамбаев, мурдагы президент. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев, мурдагы президент. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакта отурган учурдагы сүйлөшүүлөрү жазылган видеону тартуу фактысын иликтөөнү талап кылып, анын адвокаты Замир Жоошев Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу адвокат өзү билдирди.

Жоошев арызында тасма Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан тартылганын белгилеп, видеону таркаткандарды, сыртка чыгаргандарды жазага тартууну талап кылды.

Эки күн мурун ал Алмазбек Атамбаевдин камакта отурган учурда тартылган видео колуна тийгенин кабарлап, аны «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырган. Ал видеону атын ачыкка чыгарууну каалабаган адам бергенин, белгисиз киши аны 5-6-октябрь күнү Жогорку Кеңешке кирген учурда президент Сооронбай Жээнбековдун иш бөлмөсүнөн таап алганын айткан.

Адвокат кабарлагандай, 42 мүнөт видеодо Алмазбек Атамбаев өзүнүн башка адвокаты Сергей Слесарев менен баарлашып жатканы тартылган. Ал андагы сүйлөшүүлөрдө сыртка чыкпай турган, купуя маалыматтар, үй-бүлөлүк маселелер талкууланганын, мыйзамга ылайык, адвокат менен айыпталуучунун сүйлөшүүсүн эч ким жаздырбаш керек экенин билдирүүдө. Жоошев тасманы УКМК мурдагы президент Сооронбай Жээнбековго тартып берип турган деп эсептейт.

УКМК бул жагдай боюнча расмий түшүндүрмө бере элек. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдон жана анын өкүлдөрүнөн да бул жөнүндө комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында 2019-жылы кармалган. Бул боюнча быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Атамбаевди өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен.

Бишкек шаардык соту 17-августта ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Башкы прокуратура чечимге каршы Жогорку сотко даттанган. Келерки олтурум 30-ноябрга белгиленген.

Атамбаев мындан тышкары бир офицердин өлүмү менен коштолгон Кой-Таш окуясы жана быйыл 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башаламандык үчүн да айыпталууда.

Алмазбек Атамбаев мурдараак УКМКнын тергөө абагында кармалып келген. Азыр ал №47 түрмөдө отурат. Соттук териштирүү жабык өтүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG