Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

УКМК «Шаардагы парктар» ишканасы боюнча териштирүүнү токтотту


Калича Умуралиева, «Шаардагы парктар» ишканасынын директору.
Калича Умуралиева, «Шаардагы парктар» ишканасынын директору.

Бишкек мэриясынын «Шаардагы парктар» ишканасынын директору Калича Умуралиева күбө катары суракка алынган иш далил жоктугунан улам токтотулду. Умуралиева 19-ноябрда «Азаттык» радиосуна билдиргендей, бул тууралуу ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери (УКМК) билдирип, опузалоо боюнча айып тастыкталбаганын айтышты.

«УКМКдан «Келип документтериңерди, акчаңарды алып кеткиле» деп чалышты. Конфискация болгон документтердин баарын алдым. Алар иш токтотулганын айтышты. Ал эми 50 миң сомду биз ордер менен кабыл алганбыз да, аны – белги коюлган акчаны бере албай турганын айтышты», - деди ал.

Быйыл 28-майда Умуралиеваны УКМКнын шаардык бөлүмү төрт саат суракка алган. Буга «Ынтымак» паркында велосипед иштетиш үчүн «Шаардагы парктар» ишканасына 50 миң сом төлөгөн жеке ишкердин Башкы прокуратурага опузалоо тууралуу жазган арызы негиз болгон. Умуралиева ал акчаны колуна кармабаганын, мыйзамдын негизинде кабыл алынып, тийиштүү документтер толтурулуп, бухгалтерияга тапшырылганын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG