Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Коронавирустан дагы беш киши көз жумду, 422 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 19-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен беш киши каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарынын жана Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тургундары болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1217 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 422 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (130) жана Чүй облусунда (93).

Оору жуккандардын жалпы саны 68 316 кишиге жетти. Бир күндө 516 адам айыгып чыкты.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3776 адамга жетти, алардын 3521и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 12 дарыгерден табылды.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG