Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:03

Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын кызматташтыгы талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдигинин (ЕБ) Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгы талкууланды. Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан Республикаларынын тышкы иштер министрлери жана Евробиримдиктин өкүлү катышкан жыйын видео конференция форматында өтүп, эки аймактын тең кызыкчылыктарына жооп берүүчү мамилелерди мындан ары да өнүктүрүү зарыл экени айтылды.

Уюмдун маалыматына караганда, жолугушуунун катышуучулары эл аралык укук нормаларын сактоо менен тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу, адам укуктарын коргоо, демократияны өнүктүрүү боюнча милдеттенмелерин тастыкташты.

Европа Биримдигинин коронавируска каршы күрөш үчүн Борбор Азия аймагына «Team Europe» программасынын алкагында берген жалпысынан 134 миллион евролук жардамына ыраазычылык айтылды.

Аймактагы коопсуздук маселелери талкууланып, Өзбекстандын маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, экономикага салым кошуу максатында туризм форумун өткөрүү боюнча сунушу да каралды. (RK)

XS
SM
MD
LG