Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Коронавируска каршы штаб: Кинотеатрлар, фудкорттор тийиштүү чечимден кийин гана ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кинотеатрларды жана соода борборлорунун ичиндеги коомдук тамактануучу жайларды ачуу маселеси азырынча чечиле элек. Бул тууралуу 19-ноябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, азыркы учурда бул маселе өкмөттүн кароосунда. Кинотеатрлар жана фудкорттор штабдын тийиштүү чечиминен кийин гана ачылат.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айында башталып, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланган жана мекеме-жайлар убактылуу жабылган. Кийин алардын дээрлик баарына ишин улантууга уруксат берилген.

19-ноябрга карата коронавируска 70 миңге жакын кыргызстандык чалдыкты, алардын 1200дөн ашууну каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG