Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Жогорку Кеңештин төрт депутаты ИИМге суракка чакырылды


ИИМ имараты.
ИИМ имараты.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары суракка чакырылууда. Бүгүнкүгө, 19-ноябрга Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына күбө катары «Республика» саясий партиясынын лидери, депутат Мирлан Жээнчороев жана депутат Жанарбек Акаев чакырылды.

Баштапкы маалыматка караганда, алар быйылкы октябрдагы окуяларга байланыштуу чакырылууда.

20-ноябрда ИИМдин Тергөө кызматына «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев да чакырылганын ал өзү «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Токтошев Конституциянын жаңы долбоорун сунуш кылган депутаттардын тизмесине кирген, бирок ага автор эмес экенин айтып чыккан.

«Ата Мекен» партиясынын депутаты Рыскелди Момбеков да «Фейсбуктагы» баракчасына 20-ноябрга суракка чакырылганын жазды.

Быйыл 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия Бишкекте 5-октябрда ири митинг өткөрүшкөн. Акция кечинде башаламандык менен уланып, өлкөдө бийлик алмашкан.

10-октябрда Ала-Тоо аянтында таш, бөтөлкө ыргытуу, ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча кылмыш иши козголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG