Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:55

Депутат Мавлянова: Жаңы долбоорду референдумга чыгаруу боюнча демилгеден баш тарткам


Махабат Мавлянова, Жогорку Кеңештин депутаты.
Махабат Мавлянова, Жогорку Кеңештин депутаты.

Жогорку Кеңештин «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбооруна демилгечи болгондордун катарынан чыкты. Бул тууралуу ал 19-ноябрда «Азаттык» радиосуна билдирди:

«Демилгечиликтен чыгуу тууралуу парламенттин аппаратына кечээ кат жазып берип койгом. Мен демилгечи эмесмин».

Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Анда Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгону көрсөтүлгөн.

Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Буга чейин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев Конституциянын жаңы долбоорун сунуш кылган депутаттардын тизмесине киргенин, бирок ага авторлордун катарында эмес экенин айтып чыккан. (BCh)

XS
SM
MD
LG