20-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарыда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Талас, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;
Талас жергесинде түнкүсүн -14...-19, күндүз -5…-10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -21…-26, күндүз -10…-15 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -5…-7 градус болот.