Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Депутат Карашев: Конституциянын долбоорун жазууга аралашкан эмесмин


Аалы Карашев, Жогорку Кеңештин депутаты.
Аалы Карашев, Жогорку Кеңештин депутаты.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев Конституциянын парламент коомдук талкууга чыгарган жаңы долбоорун иштеп чыгууга тиешеси жок экенин айтууда. 19-ноябрда «Азаттык» депутат менен телефон аркылуу байланышканда ал Баш мыйзамдын жаңы долбоорун референдумга чыгаруу боюнча гана демилгечилердин бири экенин айтты:

«Мен демилгечиси да, автору да эмесмин. Конституцияны жазууга мен аралашкан эмесмин. Тизмеде турам, бирок мен «конституциялык реформа керек, референдум аркылуу кабыл алынсын» дегенге кол койгом. Конституциянын жаңы долбоорун мен көргөн да, ага кол койгон да жокмун».

Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Анда долбоорду референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгону көрсөтүлгөн.

18-ноябрда президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев «Азаттыктын» эфиринде «Демилге көтөрүп жаткан 80 депутат кол коюп, автор болуп чыгып жатат» деп айткан.

Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG