Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:44

Бишкекте 20 жаштагы келин үч эм уул төрөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте үч эм төрөгөн 20 жаштагы келин өзү да, балдары да реанимациядан чыгышты, баарынын абалы жакшы. Бул тууралуу 19-ноябрда “Азаттык” радиосуна Перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамила Марипова билдирди.

Анын айтымында, 16-ноябрда ай-күнүнө дээрлик бир ай жетпей, чукул операция жолу менен ара төрөлгөн ымыркайлардын үчөө тең эркек:

“Ара төрөлгөндүктөн биринчи күндөрү балдарды реанимация карады. Кечээ ара төрөлгөн балдар бөлүмүнө которулду. Энеси операция убагында кан кеткендиктен реанимацияда болчу. Бүгүн төрөттөн кийинки бөлүмгө котордук. Баарынын тең абалы туруктуу. Бул экинчи төрөтү экен, үйдө кыз бар дейт”.

Ымыркайлардын салмагы 2 кг 290 г, 2 кг 380 г жана 2 кг 220 г.

Перинаталдык борбордо быйыл үч эм төрөлгөн учур биринчи жолу катталды. Былтыр бул мекемеде, Жамила Марипованын айтымында, жети келин үч эм төрөгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG