Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мындан ары мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияны жетектейт. Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда ал делегациянын мүчөлөрү менен алгачкы жолугушуусун уюштурду. Жаңы жетекчи 19-ноябрда делегациянын мүчөлөрү менен комиссиялардын жумушун күчөтүү маселелерин талкуулады.
Маалыматта Ташиев кошумча кызматка качан, ким тарабынан бекилгени көрсөтүлгөн эмес.
Мурдагы өкмөттүн тушунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияны вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жетектечү. Ал бул кызматта Тажикстандын жана Өзбекстандын тиешелүү кызмат адамдары менен бир нече жолу кездешип, түрдүү мазмундагы протоколдорго кол коюуга катышкан.
Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки 5-октябрдагы Бишкектеги нааразылык акциялары ири башаламандыкка айланган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана Жогорку Кеңештин имаратын талкалап салышкан. Бул окуялар өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. Мамлекет башында турган Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда президенттик кызматтан кетерин жарыялап, 16-октябрда ишин толук өткөрүп берген.
Башаламандык учурунда түрмөдөн чыгып, сотто шашылыш акталган Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалып, кийин президенттин милдетин аткара баштаган. Ал президенттик милдетти алары менен Камчыбек Ташиевди УКМКнын жетекчилигине дайындаган.
Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн президенттик милдетти 14-ноябрда өткөрүп берген, премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон. Президенттин милдетин учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов аткарууда. (ErN)